Коңшу Өзбекстанда таанымал окумуштуу, түрколог Андрей Кубатин 36 жашында коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Илимдер академиясына таянып, өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 29-октябрда Ташкенттеги ооруканада каза болгон.
"Андрей Кубатин түрколог жана тарыхчы катары белгилүү. Ал 2017-жылы Өзбекстандын мамлекеттик архивинен китептин көчүрмөсүн түркиялык компаниянын өкүлүнө саткан деп айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган эле.
Былтыр сентябрда Ташкенттин соту тарабынан Андрей Кубатин толугу менен акталып, абактан чыгарылган. Ага чейин бир нече өлкөдөн жүздөгөн окумуштуу өзбек президенти Шавкат Мирзийоевге кайрылган болчу", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 29-октябрга карата Өзбекстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 66 миңден ашты.