"Дары-дармектер менен камсыз кылуу, каржылык жардам көрсөтүүнү суранды". Тышкы иштер министри Казакстанга иш сапары менен барды

Кыргыз өлкөсү менен коңшу Казакстандын тышкы иштер министрлери 29-октябрда Нур-Султан шаарында жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Казакстандын тышкы иштер министри Аскар Мамин Руслан Казакбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар саясий-соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү Кыргыз-Казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу максатында министр Руслан Казакбаев муктаж болгон дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен казак тарапка кайрылды. Ошондой эле ал кризистен кийинки мезгилдеги Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Жолугушуунун аягында тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу жолугушууларды жогорку деңгээлде, анын ичинде көп тараптуу иш-чараларга катышуунун алкагында уюштурууну макулдашты.

Министр Руслан Казакбаев президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун саламын жеткирди. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал акырындык менен турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгени жөнүндө маалымат берди. Тышкы иштер министри кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын толугу менен сактайт деп ишендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан