"Өз дүйнөсүндө жүргөндөй". Владимир Путиндин инвестициялык форумдагы жүрүм-туруму көпчүлүктүн сынына кабылды

Коомдо белгилүү адамдын адаттан тыш ар бир иш-аракети азыркы тапта сөзсүз түрдө социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылат.

Бул ирет интернеттин орус сегментине Владимир Путиндин маанилүү деп эсептелген инвестициялык форумдагы өзүн алып жүрүүсү талкууга жем таштады.

Видеодо көрүнүп тургандай, Владимир Путин кол алдында турган кагаздар салынуучу папканы оң-тескери оодаруу менен алек болуп жатканын көрүүгө болот.

Көпчүлүк бул көрүнүштү өлкө башчыны маанилүү иш-чарада жаш баладай кагаздар менен ойноп отурат деп сындашса, айрымдары ал болгону папканын оң-тескерин таппай убара болгонун жазышкан.

"Өзүнүн дүйнөсүндө жүргөн Путин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
DAVLES
2020-10-30 11:42:15
эч кандай оң тетирисин таппай эмес эле, жөн кана иреетине келтирип койгон экен го.
+17
Majit1975
2020-10-30 11:45:05
Путин каалагандай жүрөт любой жерде
+16
mirkaa5182
2020-10-30 12:15:45
Путин брат любойун кылат, кадимкидей эле көрүнүш.
+12
AdylbekB84
2020-10-30 13:46:30
Биз өзүбүздүн ажолорду сындагандай эле орустар дагы Путиндин кыймыл аракетин пайлап турушат! Бул жерден эч бир туура эмес кыймыл аракетти көрбөдүм, болгону ирээттеп коюуптур!
+5
KaGaH
2020-10-30 23:59:53
Путин коррупционер
0
aslan_akjol89
2020-10-31 10:17:52
Суйлоп жаткан адамга кулак тошоп отурганда боло берет.Биз деле телде суйлошуп жатканда колдорубуз жон турбай ар нерселерди кармап,жылдырып турабыз го,озубузго билинбейт бирок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан