"Орусиянын дипломаттары Айдарбековду кабыл албай койду" деген маалымат боюнча Чыңгыз Айдарбековдун билдирүүсү

Өткөн аптанын 23-октябрында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга иш сапары менен барып, Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен расмий жолуккан.

Андан үч күн өткөн соң, 26-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков бир катар делегаттар менен Москвага жумушчу сапары менен барган. Бул тууралуу Чынгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандан кийин маалым болду.

Чыңгыз Айдарбековдун Москвага болгон сапарынын айланасында ар кандай кептер айтылып, кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары "Москвада Айдарбековду эч ким кабыл алган жок" деп жазып чыгышты.

23-октябрда өлкө атынан барган тышкы иштер министринин сапары карый электе Чыңгыз Айдарбековдун кайрадан Москва шаарына сапар алышы дипломатиянын протоколун одоно бузуу катары сыпатталган.

Маалымат социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, колдонуучулар эки жээкке бөлүнүп баштаганда, Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

Төмөндө Айдарбековдун билдирүүсү кыскартуусуз берилди.

"Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды мамлекеттин кызыкчылыгы менен аралаштырбоо маанилүү экендигин баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Тилекке каршы, айрымдар муну түшүнө алышкан жок, ошондуктан "ишенимди жоготушту". Москвада эч ким менен жолуккан жокмун деген бир кабарчынын куру жалган сөздөрүнө таң калам деп айтсам өтө жумшак айтканым. Сиздин ары жок напсиңиз, көрө албастыгыңыз сизди дагы бир жолу чындыктан алыстап калганыңызды көрсөтүп турат.
Москвага болгон сапарым тууралуу сөз кылсак, мен ушул жылдын 27-28-октябрында иш сапарым менен барып келдим. Сапар дипломатиялык каналдар аркылуу натыйжалуу иштелип чыккан. Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги жана Финансы министрлиги менен кызматташуунун конкреттүү маселелери талкууланды. Тышкы саясат - бул аяр, сезимтал, ар тараптуу маселе. Ошондуктан натыйжага жетишүү үчүн диалогду ырааттуу, салмактуу, прагматикалык, ызы-чуусуз жана пиарсыз жүргүзүү керек.
Азыр пикир келишпестиктин мезгили эмес, тескерисинче бардыгыбыз үчүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга жана мекенди өнүктүрүүгө байланыштуу бир максат үчүн биригүү маанилүү. Эгер сизди эч ким сындабаса, анда сиз иштебей жатканыңыз анык", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга иш сапары менен барып келгенден кийин да, эки тараптуу жолугушуу ийгиликсиз өткөнү жана Орусия тарап каржылоону токтоткону тууралуу маалымат тараган. Бул маалыматты министр Руслан Казакбаев жокко чыгарган. Ошондой эле ал жакын арада өлкөнүн биринчи премьер-министр Москвага барып, эки тараптуу, көп тармактуу жолугушууларды өткөрөрүн маалымдаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан