Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 18 миң 283 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 355 адам каза болсо, 14 миң 519 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5268 (айыккандар 3985);
Санкт-Петербург - 801 (айыккандар 417);
Москва облусу - 524 (айыккандар 405);
Нижегород облусунда - 401 (айыккандар 534) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 599 миң 976 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 27 миң 656 адам каза болсо, 1 миллион 200 миң 560 бейтап айыгып чыкты.