Франциянын президенти Эммануэль Макрон сөз эркиндиги маселесине катаал мамиле жасап, мусулмандарга жумшак мамиле кылбоону сунуштап, исламга каршы күрөштү уланта берерин билдирген. Бул чечими менен Франциянын президенти дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандардын каргышына калды.
Франциянын коомдук жайларында Мухаммед пайгамбардын таалимдерине шек келтирген карикатуралар илинген. Жогорудагы маалыматтарды чет элдик басылмалар жазып, азыркы тапта Франция дүйнө жүзүнүн көңүл борборунда болуп турат.
Орусиянын эң таасирдүү мусулмандарынын бири, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы Макронго каршы пикирин билдирип чыкты. "Франциянын президенти террорчуга окшоп баратат" деп жазды Кадыров социалдык тармактагы жеке баракчасына.
Кадыровдун кеңешчиси, Чеченстандын муфтийи Салах-хаджи Межиев да Макронду "номур биринчи террорчу", "Кудайдын душманы" жана "эң маскараланган жандык" деп атады.
Буга чейин он миңдеген адамдардын башын бириктирген анти-француз демонстрациясы Парижден сегиз миң чакырым алыстыкта, Бангладештин борбору Дакка шаарында өткөнү маалымдалган. Ирандын "Watane Emruz" гезити "Париждик Иблис" (Шайтан) деген жазуу менен Макрондун карикатурасын биринчи бетке жарыялады.
Анкарада демонстранттар президент Режеп Тайип Эрдогандын француз товарларына бойкот жарыялоо чакырыгын колдошту жана Эрдоган өзү француз кесиптешинин психикалык жактан соо эмес экенин айтып, аны дарыланууга чакырды.
200 миллион калкы бар Пакистандын лидери Имран Хан Макронду дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын сезимдерине шек келтирди деп айыптады.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Париждин четинде мугалим Сэмюэль Пати трагедиялуу өлтүрүлгөн. Маалым болгондой, мугалим сөз эркиндиги боюнча сабак өтүп, анда мектеп окуучуларына Мухаммед пайгамбарга байланыштуу карикатура көрсөткөн. Анда этникалык чечен жаран мугалимдин пикирине арданып, анын башын кесип салгандыгы маалымат булактарында жарыяланган.