"Биз Кыргыз өлкөсүнө колубуздан келишинче жардам беребиз". Казак президенти Токаев көмөк көрсөтүү тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, 30-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Нур-Султан шаарында кабыл алып, анда Кыргыз өлкөсүнө көмөк көрсөтүү жөнүндө сөз кылды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына таянып, казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Токаев казак тарап Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалга өзгөчө көңүл буруп жатканын, болгон окуяларды өлкөнүн ички иши деп эсептээрин белгилеген.

"Биз боордош кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабайбыз. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнө көмөк көрсөтүү үчүн бардык аракетти көрөбүз жана көргөнбүз. Биз аларга жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракеттин бардыгын жасайбыз. Эки мамлекеттин ортосундагы карым-катыш буга чейинки келишимдердин негизинде андан ары өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырабыз", - деп билдирди казак элинин өлкө башчысы.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев жолугушууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Касым-Жомарт Токаевге терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсү үчүн оор учурда көрсөткөн колдоосу жана коронавирус пандемиясы учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-октябрда Казакбаев казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусунда казак бийлигинен Кыргыз өлкөсүнүн бюджетин колдоо, дары-дармектер менен камсыз кылуу, каржылык жардам көрсөтүүнү суранган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2020-10-31 00:11:27
Границаны эле суйлошсо калганын Эл озубуз кылат элек го
+7
O.dembele
2020-10-31 05:29:18
Кыргызстан кайырчы республикасы болдукко.
0
algakaray
2020-10-31 21:29:16
Уйалам жалдырап эле суранып басып журобуз. Чондорубуз миллиарддап жеди. Мамлкет кайырчы болду.
+1
rola
2020-11-01 07:37:21
Биринчи чек арадан жарандарды тоскоолдук кылбай акчасын кактап албай откоруп койсунчу.Ошол дагы чоон жардам.Мамлекетке берилген жардам элге жетпейт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан