Түркмөнстан менен Сингапур мыйзамды жана тынчтыкты так сактаган коопсуз өлкө деп табылды. Бул тууралуу "Callup" изилдөө компаниясы жүргүзгөн бүткүл дүйнөлүк сурамжылоодо белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки өлкө тең 97 упайдан алышкан.
"Бул эки өлкөдөн кийинки орунду 94 балл менен Кытай Эл Республикасы ээледи. Ошондой эле тизменин алдыңкы ондугунда Исландия, Кувейт, Норвегия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттары бар. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүчтү Ооганстан мамлекети алды", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми "Callup" изилдөө компаниясы жыл сайын өздөрү изилдөөгө алган өлкөнүн тургундарына же конокторуна: "Өлкөнүн укук коргоо органдарына ишенесизби? Түндө көчө аралап жүрө аласызбы? Сизди же жакындарыңызды акыркы бир жыл аралыгында тоноо болгон жокпу?" - деген сыяктуу анкеталык суроолорду берүү аркылуу коопсуз өлкөлөр рейтингин аныктайт.
Белгилей кетсек, аталган компания мындан сырткары да бир нече багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. "Эң бактылуу өлкө", "Экономикалык жактан күчтүү өлкө", "Абасы таза өлкө" деген сыяктуу бир катар сурамжылоолордун негизинде жыйынтыктарды чыгарып, коомчулукка жарыялап келет.