Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Тажикстандын президенти өкмөтүн толук курамы менен отставкага кетирди

Президенттик шайлоодо жеңишке жетип, дагы 7 жыл өлкө башчы болуп шайланган коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өкмөттү толук курам менен отставкага кетирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президентинин расмий сайтына жарыяланды.

"Өкмөт жаңы шайланган президенттин алдында ыйгарым укуктарын тапшырат. Премьер-министр, биринчи орун басар жана вице-премьер министрлерден, министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турган Тажикстан Республикасынын өкмөтү өкмөттүн жаңы мүчөлөрү дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарууну улантат", - деп жазылган президенттин сайтында.

Мындан тышкары, Эмомали Рахмон эркинен ажыратылган адамдарды кечирүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Кол койгон жарлыкка ылайык, 378 адам эркиндикке чыгары белгилүү болду.

Кечээ, 29-октябрда Тажикстандын президенти болуп 11-октябрда бешинчи мөөнөткө шайланган 68 жаштагы Эмомали Рахмондун инаугурациясы болуп өттү. Ал шайлоочулардын 90,92 пайыз добушун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baiaman997
2020-10-30 22:20:39
Бизгеда жуксун жуксун
0
Jelezo
2020-10-30 22:49:26
Тажикстандын кожоюну болуп алганына 28 жыл болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан