Түркияда катталган жер титирөөнүн кесепетинен 12 адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жаракат алды

Түркиянын батышында болгон күчтүү жер титирөөдөн акыркы маалыматтар боюнча, кеминде 12 адам каза болуп, 438 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасаган. "Жер титирөөдөн биздин 12 жаран каза болуп, 438 адам жаракат алышты. Куткаруучулар кыйраган 17 имараттын урандыларынын үстүндө иштеп жатышат. Биз куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз", - деп билдирген ал өз кайрылуусунда.
Маалыматка караганда, жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген, грек сейсмологдору анын күчү 6,9 деп баалашкан. Грециянын Самос аралында дагы кыйроо катталып, чиркөөнүн бир бөлүгүнүн дубалы кулап, 1 адам жаракат алган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга (айрым маалыматтарда 7 балл) жеткен жер титирөө катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2020-10-31 04:21:05
Кудай сактасын. Апааттан кыш келерде эле жер титиреп калчу эле бизде да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан