Швецияда акчаны нак колдонуу төмөнкү көрсөткүчкө чейин түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү нак акчанын жалпы наркы өлкө ички дүң өндүрүмүнүн 1 пайызын гана түзөт. Бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.
Швецияда майда гана төлөмдөр накталай жүргүзүлөт, бирок андай майда соода өтө сейрек кездешет. Шведдер, айрыкча улгайган адамдар төлөмдөрдү тиркемелер, кредит картасы же уюлдук телефон аркылуу жүргүзүшөт. Айрыкча мындай төлөм пандемия учурунда өзгөчө көп колдонулган.
"Нак акчанын жоктугуна байланыштуу банктар менен дүкөндөрдөгү тоноолор жокко эсе. Бирок кибер алдамчылык фактыларынын саны, анын ичинде төлөм карталарын бузуп кирүү, банктын маалыматтарын уурдоо көбөйүүдө", - деп жазылат маалыматта.