Грецияда жер титирөөнүн кесепетинен 20 адам жаракат алды

Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен Самос аралында болжол менен 20 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 14 жаштагы өспүрүм жана 63 жаштагы аял оор сыныктарга кабылып, Афина шаарына учак менен жеткирилген. Самос ооруканасына 7 адам жеңил жаракат алып жаткырылган. Карловаси шаарындагы ден соолукту чыңдоочу борборунда 10 жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 2 мектеп окуучусу - 15 жаштагы өспүрүм жана 17 жаштагы кыз каза болгон. Алар шаардын тар көчөсүндө кетип бара жатышканда дубал кулап түшкөн.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6 жарым баллга жеткен жер титирөө болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан