
Түркиянын батыш тарабында катталган жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 607 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны дагы эле 12, жаракат алгандардын саны 607ге жетти. Куткаруучулар кыйраган 17 имараттын урандыларын тазалоо үстүндө иштеп жатышат деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн. Ал эми Грецияда 2 адам каза болуп, 20 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.