Бүгүн, 31-октябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны 58 миң 878 болду. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 3 миң 413 бейтабы медициналык мекемелерде дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришти. Ага ылайык:
* 83 адам (2,4%) - канааттандырарлык абалда;
* 2328 (68,2%) - орто оор абалда;
* 892 (26,1%) - оор абалда;
* 110 (3,2%) - өтө оор абалда.