Өзбекстан коронавирусту аныктаган тест-системдерди чыгара баштайт

Өзбек басылмалары жазгандай, аталган өлкө коронавирусту аныктаган тест-системдерди ушул жылдын май айынын аягына чейин чыгарууну пландап жатат. Ага ылайык, өндүрүштү каттаткандан кийин биринчи партиясында 50 миң топтом тест-системин чыгаруу мерчемделген.

Анын анализдик системин Өзбекстандын Инновация министрлигинин алдындагы Алдыңкы технология борборунун окумуштуулары иштеп чыгышкан.

"Азыркы учурда тест-системдер вирусология илим-изилдөө институтуна берилген. Ал жерден текшерүүдөн, сындан өтөт", - деп жазылат маалыматта.

9-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 555 адам болду. Анын ичинен 30 бейтап айыгып, үчөө каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nur777
2020-04-10 00:48:08
Коншулар тест чыгара баштаптыр,а биз журобуз оорулуулардын так санын айта албай...
+9
bema_bema
2020-04-10 01:47:39
Биздикилер деле бир нерсе кылаар
+2
AzKumFerDan
2020-04-10 02:51:35
120депутат тоодо жайлоодо жыргап суротко тушуп журушот ал элибиз кыйналып кундон кунго COVID-19 балекети жайылып баратат.. Мына окмотун алсыздыгын, Мында бийликтин бечелдиги, Эй Депутатаар Мамлекет учун качааан иштейсинер айткылачы жеп кууратмай болдунарго, же медицина тарабына конул болбойсунор. озунор чет олкодо даарыланып келесинер....
+6
Agayu
2020-04-10 07:43:43
Жок биздикилер чыгарыша көрбөсүн , чыгарышса эле миллионду сүйлөшөт .
+5
Adil18
2020-04-10 09:38:09
Туркмонстан компьютер чыгара баштады,
Озбекстан тест-системдерди чыгара баштады.
Кыргызстандын президенттери,окмот башчы,спикер,Жогорку Кенеш,министрлер,Академик-профессорлор журушот,айлыкты алып жыргап.
Арасында мекен учун куйгондору бар.Бирок алардын арты таза эмеспи,оюн ачык айта албай журушот.
Партиялык шайлоону жокко чыгарып,быйыл 1 мандаттуу шайлоого барышыбыз керек.Эгерде мамлекетти ойлосок,салымыбызды ушул жерден берели!
+7
Nur777
2020-04-10 09:56:25
Adil18,туура 1 мандаттык шайлоону талап кылалы туугандар,олкобуздун ар бир районунан 1ден депутат шайлансын,ошо депутат ошол жердин койгойун окмотко жеткирип талкуулай тургандай болсун,илгери Совет учурунда ушундай система менен иштешиптир.
+5
Nur777
2020-04-10 09:56:59
акчасы эмес акылы бар депутаттарды шайлайбыз.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан