Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 25ке жетти

Түркиянын батыш тарабында катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 25ке жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Буга чейин, кырсыктан 24 адам каза болгондугу жана 800дөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандыгы айтылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн. Ал эми Грецияда 2 адам каза болуп, 20 адам ар кандай жаракаттарды алгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан