"Коррупциялык иштерге аралашкан жарандарды кеңешчи кылганы үчүн өкмөт башчыны камакка алам". УКМК Камчыбек Ташиевдин атынан тараган маалымат фейк дейт

Интернетке "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге катыштыгы бар жарандарды кеңешчи кылып дайындаганы үчүн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду камакка алат" деген билдирүү тараган. Бул боюнча бүгүн, 31-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.

"Маалымат фейк. УКМК жарандарга бийлик өкүлдөрүн дискредитациялаган жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Жалган маалымат тараткандарга карата мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу каралган", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Million
2020-10-31 15:09:46
Таап,кармап камасын,башкаларга сабак болсун!
Чектен ашып кетти!
+13
bond02
2020-10-31 15:22:25
Ташиев айтса айта берет, ишенич жок буга ар нерсени суйлой берет.
-17
Million
2020-10-31 15:34:26
bond02,Ташиевдин атынан почта ачып,элдин арасында бузукулукту козутуп атышат бузукулар.
+18
Shabi
2020-10-31 15:42:07
Эки достун ортосунан да,кара мышык отокону калган го.
-14
rola
2020-10-31 23:23:19
Shabi,Ошо кара мышыкты кармап туруп,бир чабыш керекда озу.Жапаров Ташиев элдин уулдары.Эч ким арасына тушо албайт!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан