Ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд тууралуу тасманын жылдызы, белгилүү шотландиялык актёр Шон Коннери каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар актёрдун жакындарына шилтеме берип жазып чыгышты.
Шон Коннери 1930-жылы Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Шон Коннери 70тен ашуун тасмада роль жараткан. Алардын ичинде Ян Флемингдин чыгармасынан улам тартылган 7 тасмада (тартылган жылдары – 1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983) Шон Коннери Жеймс Бонддун образын жараткан.
Жарым кылымга созулган актёрлук карьерасын Шон Коннери 2003-жылы жыйынтыктаган.