Түркиянын батыш тарабында катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35ке жетти. Түркиялык басылмалардын маалыматына ылайык, 880ден ашуун адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты.
Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алгандардын 243ү медицина жайларында дарыланып жатканын, анын ичинен 8 бейтап (3 кишинин абалы өтө оор) интенсивдүү терапияда экенин кабарлаган. Ошондой эле 642 бейтапка биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөнү айтылат маалыматта.
Ал эми куткаруу иштеринин алкагында, ураган имараттардан 100дөй жаран аман-эсен куткарылган. Издөө-куткаруу иштери улантылууда.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн.