Түркиядагы жер титирөө: Каза болгондордун саны 43кө жетсе, дагы 25 жарандын абалы оор экени айтылды

Түркиянын Измир шаарында катталган жер титирөөдөн каза болгондордун саны кем дегенде 43 болду. Түркиялык басылмалардын маалыматына ылайык, дээрлик 900дөй адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты.

Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, жаракат алгандардын ичинен 667 кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылса, 229 бейтап дарылануусун улантууда. Ал эми Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 25 оорулуу кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын, абалдары оор экенин билдирген деп жазышат жергиликтүү басылмалар.

Ал эми куткаруу иштеринин алкагында, ураган имараттардан 100дөй жаран аман-эсен куткарылган. Издөө-куткаруу иштери улантылууда.

30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан