"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 46 миллиондон ашты

Бүгүн, 2-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 46 миллион 426 миң 677 болду. Анын ичинен 31 миллион 17 миң 303 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 199 миң 684 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 200 миң 643 адамдан коронавирус аныкталды. 230 миң 967 адам каза болсо, 3 миллион 630 миң 579 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 8 миллион 184 миң 82 адамдан аныкталды. 122 миң 111 адам каза болсо, 7 миллион 491 миң 513 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 545 миң 705 адам вируска кабылган. 160 миң 74 бейтап көз жумса, 5 миллион 22 миң 338 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан