Бишкектин Эркиндик сейил багында жайгашкан "Аэрофлот" авиабилеттерди сатуу жана брондоо борборунда Орусияга билет алуу үчүн жарандардын узун кезеги орун алды. Алар кезек күтүүдөгү көйгөйлөрү тууралуу SUPER.KG порталына айтып, тиешелүү тараптарга нааразы болушту.
Айтымдарында, Орусияга кетүү азыркы тапта негизги көйгөй болуп турат. Алардын арасында эки айдан бери кезек күтүп тургандар бар жана билет баасы да асман чапчыйт.
"Билет алуу үчүн эртең менен жумушка келгендей эле кезек күтүүгө келебиз. Бул жактан Орусиянын жарандыгы барлар бат эле билет алып кетишет, ал эми Кыргыз жарандарына билет жок деп жатышат, болсо да кымбат. Аталган көйгөй менен биз элчиликке да кайрылганбыз, бирок алар бул маселеге тиешеси жок экенин айтышты. Бизге чартердик учак менен кетүүгө да уруксат бербей жатышат", - деди атын атагысы келбеген жаран.
Ал эми бул көйгөйдүн чоо-жайын билүү үчүн "Аэрофлот" борбордук мекемесинин адистерине кайрылганыбызда, кезек күтүп жаткан жарандарга карата комментарий берүүдөн баш тартышты.