Швецияда сагызгандар таштанды чогултуп, ордуна тамак алууну үйрөнүштү (видео)

Швецияда инженер сагызган канаттуулары үчүн акыра (жем салгыч) ойлоп тапты. Акылдуу шайманга сагызгандар жерде жаткан бөтөлкөнүн капкактарын алып келип салганда, андан кайра жем берилет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянуу менен орус маалымат булактары жазып чыкты.

Анда шайманды ойлоп табуунун негизги максаты уурулук кылууга шыгы бар сагызгандардын сапатын пайдалуу нукка буруу болгону белгиленет.

"Ганс Форсберг аттуу жасалма интеллект тармагында иштеген кызматкер анын короосунда сагызгандардын тобу жашагандыктан, аларды таштанды чогултууга үйрөтүүнү чечет. Инженер канаттууларды бул тартипке көндүрүү үчүн бир нече жыл кеткенин айткан. Учурда сагызгандар өздөрүнө тамак алуу үчүн бир гана жез капкактарды чогултуп келет. Ганс Форсберг келечекте канаттууларды башка дагы майда таштандыларды, мисалы, тамекинин калдыгын чогултуп келүүгө үйрөтүүнү пландап жатат. Ал эми учурда сагызгандар капкактан тышкары дагы жерге түшүп калган жер-жемиштерди чогултуп келүүгө үйрөтүлүп жатат" , - деп жазылат маалыматта.

Швецияда инженер сагызгандар үчүн акылдуу жем салгыч ойлоп тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ahunov
2020-11-02 23:36:57
Жакшы го
Тилин эптеп таап үйрөтүптур да, молодец
+6
Ruma
2020-11-03 12:27:18
Жакшы сагызган экен
0
Ruma
2020-11-03 12:27:47
Акылдуу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан