Өзбекстанда күнүнө 10 миң кадамдан баскан жарандарга акча төлөнө баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Анда мындай демилге Шавкат Мирзийоевдин жарлыгына ылайык көтөрүлүп жатканы маалымдалат.
"Сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам баскандардын электрондук капчыгына 3 миң сум (24 сомдун тегереги) которулат. Мындан тышкары айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (2 миң 290 сомдун тегереги), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (3 миң 926 сомдун тегереги) жана республикада эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (8 миң сомго жакын) берүү каралууда.
"Сергек жашоо образы" аттуу платформа 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Буга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт", - деп жазылат маалыматта.
Азырынча акциянын эрежелери, ошондой эле жарандардын баскан кадамдары кандай эсептеле тургандыгы так белгисиз.