"Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров кызматтан кетүү аразын жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал арызында башка кызматка кетип жатканын жазган.
"Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик. Биз бир үй-бүлө боло алдык", - деп жазды ал.