"65 сааттан кийин". Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки уранды астында калган 3 жашар кыз куткарылды
Түркияда жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин куткаруучулар үч жаштагы кызды урандылардын алдынан алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, кыз ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар аны Байраклы аймагынан табышкан.
Кыздын аты-жөнү Элиф Перинчек, анын апасы жана үч агасы урандылардын астында калып, жер титирөө катталган күндүн эртеси куткарылган.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен 20га жакын турак үй урап түшкөн. Ал эми Грецияда 2 адам каза болуп, 20 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.