Бүгүн, 3-ноябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 46 миллион 878 миң 189 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 31 миллион 270 миң 955 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 205 миң 48 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 284 миң 261 адамдан коронавирус аныкталды. 231 миң 507 адам каза болсо, 3 миллион 674 миң 981 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 229 миң 313 адамдан аныкталды. 122 миң 607 адам каза болсо, 7 миллион 544 миң 798 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 545 миң 705 адам вируска кабылган. 160 миң 74 бейтап көз жумса, 5 миллион 22 миң 338 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.