Түркиянын батыш аймагындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 95ке жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттиги билдирди.
"Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөө 95 адамдын өмүрүн алды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин 92 адам каза болуп, 994 адам жаракат алганы кабарланган. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн. Учурда издөө,куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Түркиядагы күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө 30-октябрда катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.
Жер титирөөдөн Измирде бери жагы 20 имараттын кулагандыгы кабарланды.