Бүгүн, 3-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өтүүдө. Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышууда. Алар: 74 жаштагы учурдагы АКШ лидери Дональд Трамп жана 77 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден.
Учурдагы президенттик шайлоо АКШнын тарыхындагы эң курч шайлоо катары өтүүдө. Анткени,бул шайлоо мурунку шайлоолордон адаттан тыш эрте шайлоочулардын саны менен айырмаланып турат. Расмий добуш берүү күнүнө чейин берилген добуштардын саны 100 миллионго жакындады. Бул абсолюттук рекорд.
Шайлоонун жыйынтыгы эртең, 4-ноябрда белгилүү болот.