Австрияда террордук чабуул катталды. Чабуул тууралуу эмне белгилүү?

Кечээ, 2-ноябрда Австриянын борбору Вена шаарында террордук чабуул катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, террордук чабуулдан 2 адам каза болуп, 15ке чукул адам жаракат алган. Чабуул уюштургандар кимдер жана алардын максаты кандай экени азырынча белгисиз. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Алгачкы, ок атуу 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 01:00) башталган.

Террордук чабуулду уюштургандарды колго түшүрүү операциясы уланууда. Австриянын жашоочуларына үйдө отурууга буйрук берилди. Австриянын канцлери Себастьян Курц окуяны теракт деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tymar
2020-11-03 11:15:07
Бул террорду Исламчыл топтор уюштурган экен. Эми баягы биздеги митингге чыгышкан ашкере динчилер эмне учун ушул исламдык террордук актыны каршы митинге чыккпай олтурушат.
-8
KUBA21
2020-11-03 13:29:11
Эх Эми Мусульман элине Европа да жабык болот окшойт Арабтар ушунча бай Кыйналган мусульман мамлекетерина жардам берсе болмок Баары байго Дубай Катар Кувейт билесинер. Европа бутун качкындарды кабыл алып жатат аларды да тушунуш керек.
+2
Million
2020-11-03 16:05:32
Бул исламды каралоо учун уюштурулгандай болуп атат.Ислам азыр тез жайылып аткан дин.Ислам динин жаман корсотуу учун колдонуп атышат.ИГ(исламская государства) Американын ЦРУ агенттигиники,исламга жамынып нефтиге бай жерлерди ээлеш учун.Ислам динибиз ынтымакка,тазалыка,боорукерлике чакырган дин!
+1
narynbek2001
2020-11-03 21:25:57
Million,
Классическое оправдание радикадьного ислама
-1
Porter-taxi
2020-11-03 23:21:36
Качан эле мусулмандар ушундай кадамга барчу эле , бул мусулмандарды жаман корсотуу деп эсептейм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан