Жакында популярдуу WhatsApp мессенжеринин катталуучулары кийин өзү өчүп кала турган билдирүүлөрдү жөнөтө алышат. Бул тууралуу программанын иштеп чыгуучулардын билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Адистердин айтымында, колдонуучу опцияны өзү кошуп, жеке жана тайпадагы жазышууларды эки тараптан тең жети күндүн ичинде өчүрө алат. Кызматты жандырганга чейинки жазышуулар өчпөйт. Иштеп чыгуучулар эскерткендей, билдирүүлөр өчүрүлгөнгө чейин башка жакка жиберилип, көчүрүп алынып же сүрөткө тартылып калышы мүмкүн.
Жакын арада бул функция бардык платформаларда жеткиликтүү болот.