"Ал колун көтөрүп, булгалады". Измирдеги жер титирөөдөн кийин уранды астынан дагы бир наристе куткарылды

Түркияда жер титирөөдөн 91 саат өткөндөн кийин уранды астынан бир наристе куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Айдан Гезгин аттуу 3 жашар кыз уранды алдынан куткарылган,107-адам болуп катталды. Наристени уранды астынан таап чыккан куткаруучулардын бири кыз батирлердин бириндеги кир жуугуч машинанын жанында тыгылып калгандыгын айткан.

"Алгач мен анын үнүн угуп, башка куткаруучуларга бул жөнүндө билдирдим. Кызга жеткенде колун шилтей алабы деп анын атын сурадым. Ал колун көтөрүп, булгалады" деген куткаруучу.

Белгилей кетсек, Измирдеги жер титирөөдөн кыйраган үйлөр жайгашкан жерде куткаруу иштерине 7 миң 967 адам жана 25 кызматтык ит тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда.

Буга чейин Түркиянын Байраклы аймагынан жер титирөө болгондон 65 саат өткөндөн кийин куткаруучулар үч жаштагы кызды урандылардын алдынан алып чыгышканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidan_Ek
2020-11-03 17:55:09
Иий козутай, омуру узуун, бактылуу кыз болсун.
+12
asefsa
2020-11-03 18:02:38
Кудайдын кудуретисиз чымындын да буту сынбайт
+14
AdylbekB84
2020-11-03 19:29:01
Аллахым өзүң кудуреттүүсүң, чексиз шүгүрлөр болсун! Жаш балдар кыйналбасын!
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан