АКШнын ири шаарларында президенттик шайлоодон кийинки митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн жана коммерциялык ишканалардын эшик-терезелерин тактай менен бекитип жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өзгөчө Вашингтон шаарындагы Ак Үйдүн аймагында жана Нью-Йорктун борбордук көчөлөрүндөгү кафе-ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору даярдык көрүүдө.
Ишкерлердин мындай кадамга баруусунун себеби - шайлоонун жыйынтыгында ким жеңишке жетпесин жарандык баш аламандык болуу ыктымалдыгы бар болгондугу.
Бүгүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп жатат. Негизги таймаш учурдагы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байдендин ортосунда болууда. Шайлоонун жыйынтыгы эртең, 4-ноябрда белгилүү болот.