Бир канча куралчан адам Австриянын борбору Вена шаарынын алты бөлүгүндө ок атышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 2-ноябрда кечке жуук орун алган. Анда куралчан белгисиз адамдар бир нече ресторанга кол салышкан. Натыйжада 4 адам каза болуп, 17 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында 7 полиция кызматкери бар. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
"Бул коркунучтуу кылмыштын кесепетинен 4 адам каза болду. 17 адам түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алды, алардын ичинде 7 адамдын абалы оор, алар ооруканага жеткирилди", - деген Вена шаарынын мэри Михаэль Людвиг.
Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалады.
Кылмышкерлердин ким экендиги, максаты жана канча адам экени азырынча белгисиз. Аларды кармоо операциясы уланып жатат. Венанын жашоочуларына үйлөрүндө калуу зарылдыгы эскертилген.