Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар аркылуу алтындын чен куймаларын жүгүртүүгө чыгара баштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул калктын инвестициялык жана сактык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле баалуу металлдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү максатында жасалып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке жактарга Борбордук банктын баалуу куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берген жарлыкка кол койгон.