Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 19 миң 768 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 389 адам каза болсо, 15 миң 567 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5826 (айыккандар 3852);
Санкт-Петербург - 1031 (айыккандар 527);
Москва облусу - 569 (айыккандар 422);
Нижегород облусу- 417 (айыккандар 321) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 693 миң 454 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 29 миң 217 адам каза болсо, 1 миллион 266 миң 931 бейтап айыгып чыкты.