Бүгүн, 10-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргыз жарандары келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Манас" эл аралык аэропортунда "Fly Dubai" авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Мекенине 177 Кыргыз жараны учуп келди.
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.