"Баланын денеси баштыкта жатып курттай баштаган". Ош ШИИБи жаңы төрөлгөн ымыркайдын балкондон табылышынын чоо-жайын айтты

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Окуя болгон жерге Ош ШИИБинин кызматкерлери барып төмөнкүлөрдү аныктады. Анда милицияга кабар берген 1992-жылы туулган жаран окуя катталган үйдү 2-октябрь күнү сатып алган. Үйдө анын бир тууган жээни, тактап айтканда, наристени төрөгөн кыз жашап жүргөн. 18-октябрда ал Кара-Кулжа районуна кетип калган. 2-ноябрда милицияга кабар берген жаран үйдү тазалап жатып, балкондон баштыкка оролгон наристени таап алган. Андан соң милицияга дароо кабар берген.

Сотко чейинки өндүрүштө наристенин денесине сырттан кароо жүргүзгөндө ал 15 күн мурун төрөлгөнүн, жынысы эркек экени аныкталган. Баланын киндиги кесилбеген, денеси чирип, курттай баштаган.

Кыз кечээ кармалып, учурда тергөөдө сурак берүүдө. Ал бала өлүк төрөлгөндөн улам коркуп кетип, баштыкка ороп койгонун айтууда. Азыркы тапта балага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизада бала өлүк төрөлгөнү аныкталса кыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Эгер ал тирүү төрөлүп, анын өлүмүнө энеси себепкер болсо, анда кызга карата жоопкерчилик катуу каралышы мүмкүн. Андыктан экспертиза аныктайт. Анын жыйынтыгы чыкмайынча кыз камакка алынбайт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
engel
2020-11-04 20:09:57
Ээ Жаратканым, кээде ойлоп кетем мумкун биз адамдар жашаганга татыктуу эмеспиз, болду окшойт уже акыр заман келе берсе болот окшойт
-2
muras111211
2020-11-04 20:13:53
engel,акыр заман сен жака келе берсин даяр болсоң.
Кудай сактасын.
+11
Mira-toktosunova
2020-11-04 20:13:12
Ошол кыздын суроттун чыгаргыла чтобы башкаларга сабак болсун, наристеде эмне куно ошончо которуп торогон экен кандай мээримсиз адам
+13
JaneEr
2020-11-04 23:41:19
Mira-toktosunova,туудурткан адамчы?Аппакпы?Балким алдангандыр.Эки жак тен куноолуу.
+4
Nur777
2020-11-04 20:18:21
Кыз туугандарынан уялса же корксо кризисный центрларга барса болмок же хотя бы мечитке,баласы тируу торолуп,баласыз уй-булолорго берилет болчу...бизде ушундай жашоосунан жанылган кыз-келиндерге комок корсотчу жерлер аз,болсо да билишпейт,даже эркек адам деле жардамга муктаж болот,жашоодон тунулуп чогуп баратканда...
+8
KAYRATBEK
2020-11-04 21:55:58
Уй,кой, эшек,жадакалса ит дагы баласын таштабайт. Демек биз адамдар ИТТЕН да томон тушуп кеттик. Аллахым бизди кечир.
+9
Asel69
2020-11-04 22:36:40
Ээ жараткан Тенирим ар кандай кырсыктан сактап озун колдой кор.
-7
Muratsatybaldiev
2020-11-04 22:54:55
Ошол баласы бейиште болот буюрса. Ата апасы кантээр экен. Аллахым ар бир инсанга ыйман берсин.
+2
Dorukchum
2020-11-05 18:49:51
Ошо торогон кызга кошуп,тороткон атасында кошуп жазалашсын
+1
fanatka19
2020-11-05 21:05:35
Кызды эле жазалабай,туудурган эркеги кошо жазалансын! Эмне учун ошондой закон жок бизде? Бироонун кызын боозутуп эч кандай жоопкерчилик каралбай уйундо жыргап жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан