Вена шаарында орун алган чабуулга шектелип 14 адам кармалды

Австриянын борбору Вена шаарында орун алган чабуулга шектелип 14 адам кармалды. Бул тууралуу Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар кандай жагдайда кармалганы боюнча маалымат ачыкталган эмес.

"Биз террорчуларга жол бербейбиз" деген Карл Нехаммер.

Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалап, кылмышкерлер катуу даярданганын билдирген болчу.

Эске салсак, 2-ноябрда кечке жуук куралчан бир нече адам Венанын 6 аймагында ок ата баштаган. Натыйжада 4 адам каза болуп, 22 адам түрдүү жаракат алган. Полиция шектүүлөрдүн бирин кармоо учурунда атып өлтүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан