"Байденге бир штаттан добуш алуу жетиштүү". АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы кандай эсептелет?

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоодо негизги күрөш демократиялык партиядан талапкер Жо Байден жана АКШнын учурдагы лидери, республикачылардан талапкер Дональд Трамптын ортосунда жүрүүдө.

АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы кандайча аныкталат? АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгын катардагы шайлоочулардын добуштары менен атайын ар бир штаттарда түзүлгөн жалпы 538 шайлоочулар коллегиясы чечет. Шайлоочулар коллегиясы штаттын калкынын санына жараша 3төн 55ке чейин түзүлөт. Эгерде талапкерди штаттын калкынын 50 пайыздан ашыгы колдосо, анда ал бардык шайлоочулардын добушун алат (Мэн жана Небраскадан башка штаттарда). Шайлоодо жеңишке жетүү үчүн кеминде 270 шайлоо коллегиясында жеңишке жетиши керек.

Учурда Дональд Трамп шайлоо коллегиясындагы 214 добушту алса, анын атаандашы Жо Байден 264 добушка ээ болууда. Байдендин президент болууга Невада штатындагы жеңиши эле жетиштүү. Онлайн көрсөтүүдө Байден Невада штатындагы добуштун 49,3 пайызына добушка ээ болду (50 пайыздан ашса жеңишке жетет).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-11-05 14:06:06
Ушул рыжик өтпөй калса экен, ал башкаргандан бери Америкада пандемия, революция и чуть согуш чыгып кетейин деди, Иран и Кытай менен. Бул тупой өтпөй, байден акага ийгилик каалайм. Ал келип Грин картаны биздин өлкөбүзгө ачып берсин оомийин.
+1
Mister-XXX
2020-11-05 15:30:01
nazarnew,Американын мамлекеттик саясаты бар.Максаты дуйнону башкаруу.Байден келеби,башкасы келеби баары бир.АКШ башка мамлекеттин ишине кийлигишуусун токтотпойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан