Кытайда кароолчу үчүнчү кабаттан секирген баланы куткарып калды (видео)

Кытайда бала бакчанын кароолчусу үчүнчү кабаттан жерге секирген баланы колу менен тосуп, куткарып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кытайдын Шандун провинциясында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатында өспүрүм бала ажатканага камалып, эшигин ача албай, терезеден секирүүгө аракет кылган. Аны көргөн кошуналары токтотууга аракет кылганына карабай, бала терезеден боюн таштаган. Бактыга жараша, бала бакчанын кароолчусу аны колу менен тосуп алып, куткарып калган.

Бала дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын маңдай сөөгүндө бир нече жаракалар бар экендигин тастыктап, дарылагандан кийин ооруканадан чыгарыларын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан