Эртең, 6-ноябрда Ак Үйдүн сыртындагы тосмо алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эртең, 6-ноябрда саат 10:00дө "Тазалык" ишканасы Ак Үйдүн тосмолорун алуу ишин башташат.
Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.