АКШдагы президенттик шайлоо: 77 жаштагы Жо Байден жеңишке жеткендигин жарыялады

АКШ президенттигине демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден шайлоодо жеңишке жеткендигин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Америка эли мага ишенип, президент кылып шайлагандыгы үчүн сыймыктанам", - деп жазылган Байдендин билдирүүсүндө.

Жо Байден бул шайлоодо рекорддук көрсөткүчтөгү шайлоочулар катышкандыгын билдирген.

Ошол эле учурда АКШнын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып демократиялык партиянын талапкери жеңишке жетишкенин жазышууда.

Жо Байден шайланып калса АКШнын тарыхындагы 46-президент болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mira28
2020-11-08 00:32:02
Тынч эле откоруп бериптир го. Митинг болбой эле.
+8
AdylbekB84
2020-11-08 00:56:12
Жакшы болуптур!
+6
Pankration_MMA
2020-11-08 12:08:16
AdylbekB84, трамтан жакшы жагынан кичине да болсо айырмачылыгы барбы байдендин?
0
boris8907
2020-11-08 20:34:10
Буюрса америка санкцияларды алат деп ойлойм Россиядан
+1
Asmat84
2020-11-08 21:24:00
boris8907,алса экен
Эки дөө урушса ортосунда чымын өлөт демекчи алардын азабын биз тартып атабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан