9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыккан. Адегенде ӨКМден ага 3 бригада тартылган, кийинчерээк дагы өрт өчүрүүчү 2 топ кошулду. Ушул тапта өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Биздин порталдын журналисттери тилсиз жоо катталган жерге барышып, кырсык болгон аймак курчоого алынганын билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакка ИММдин кызматкерлери дагы тартылган.
Бул арада ӨКМ өрт өчүрүү учурунан сүрөттөрдү таратты.