Мелания Трамп жолдошу Дональд Трамп менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания жолдошу менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

"Мелания күйөөсү Трамп президенттиктен кете турган күндүн ар бир мүнөтүн санап отурат. Ыйгарым укуктары аяктаса эле ажырашат", - деп президенттин мурдагы жардамчысы Омароса Маниголт-Ньюман жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анын айтымында, биринчи айым Трамптан корккондуктан ажырашууга арыз жазбай жүргөн. "Эгер Мелания буга чейин кетип калганда, Дональд Трамп аны жазалоонун жолун тапмак" деп кошумчалаган ал.

Буга чейин бир нече дүйнөлүк басылмалар түгөйлөрдүн мамилелери сууп бара жатканын жазып келишкен.


Быйыл Бишкек мэриясы жаңы жылдык жасалга үчүн акча коротпойт. Ак Үй алдында сейилдеген жарандар..
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aidan_Ek
2020-11-09 10:32:54
Трамп бир учурда бийлигинен да, аялынан да ажырайт экен да. Сабыр берсин Кудайым.
+9
Pankration_MMA
2020-11-09 11:15:24
Жаш неме, эми чалдан кетишти каалап жаткан экенда. Буларда нормалдуу эле көрүнүш! Туура кыласың Мелания!
+7
bond02
2020-11-09 11:33:47
Адам эй адам, байлык бийлик барда жанында журуп оомат кеткенде жузун буруп кетет э. Жаныбарлардын ичинен ушул сапат адамда гана бар.
+6
aslan_akjol89
2020-11-09 14:42:39
Жозеф Байденге тийип ал да)))
+5
kg627
2020-11-09 19:19:01
Эн биринчи душманын,койнундагы катынын..
0
nazira...
2020-11-09 21:16:44
Тооба
0
kuba.kq8705
2020-11-10 16:46:57
Трамп жаш аял алып алса керекда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан