"20 миң доллар чыгымга учурадым" дейт "Орто-Сай" базарында соода кылган сатуучу (күйгөн товарлардын сүрөттөрү)

"Орто-Сай" базарындагы өрттөн эки кабаттуу имарат күйгөн. Анын биринчи кабатында азык-түлүк, турмуш тиричиликке керектүү буюмдар, кийим-кечелер сатылган 8 контейнер, үстүнкү кабатында тигүүчү цех жайгашкан.

20 миң доллар чыгымга учурадым деген сатуучу Эльмира айым өрт өчүрүүчү унаалар суусу жок келгенин айтат.

"Мен базарга жакын жашайм, өрт тууралуу башка эле адамдардан угуп келдим. Негизи бизге өрт чыкканын базардын кароолчусу айтыш керек болчу. Өрт 23:30да эле башталыптыр, мен түнкү саат 1ге 15 мүнөт калганда келдим. Бул жакка келгенде тегеректи курчап, сатуучуларды контейнерибиз жакка өткөргөн жок. Өрт өчүрүүчү машина ичке кире албай турду, суусу жок болгон үчүн турду да. Эгер бизди ичке киргизсе өрттү өчүргөнгө жардам кылмакпыз. Машина кире албагандыктан бул жактагы кудукту ачып, ошонун суусу менен өчүрдүк.

Товарларыбыз толук күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр 4-5 сааттын ичинде базарды толук өчүргөнгө жетишмек да. Суу жок болгон үчүн баары күйдү, ошол үчүн рахмат. Бул базардын кароолчусу менен өрт өчүрүүчүлөрдүн шалаакылыгы. Мен 20 миң доллар чыгымга учурадым. Азык-түлүк сатчумун, дээрлик эч нерсе калган жок. Бул жерде 8 контейнердин баары товарлары менен толук күйүп кетти. Барыбыз соода менен үй-бүлө багып келгендерденбиз. Ижарага алып иштетчүбүз", - дейт ал.

Сатуучулардын айтымында өрт саат 8-ноябрда саат 23:30 чамасында эле чыккан. Атын атагысы келбеген сатуучу өрт өчүрүүчү унаалардагы суу 2 мүнөттүн ичинде эле түгөнүп калганын кошумчалады.


Базардан чыккан өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары башка объектилерге жайылышына жол берилген эмес. Өрт эртең менен саат 08:55те толугу менен өчүрүлдү. ӨКМнын маалыматына ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Болжол менен өрттөн жалпы 1 миң 800 чарчы метр жер аянты күйгөн.

“20 миң доллар чыгымга учурадым” дейт өрттөн жабыркаган сатуучу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Adi010891
2020-11-09 11:46:58
Ичке кире албай турду дейсинер, жолдун барын тосуп салсанар кантип кирмек эле
+13
Eden-Hazard
2020-11-09 11:52:27
Adi010891, Ооба туура. Өздөрү мыйзам чегинде иштешпейт. Жолдун баарына товар тизип алышат. Эми бирөөнү күнөөлөп коюшат.
+14
Bobby1995
2020-11-09 12:01:31
Кандай Гана окунучтуу сабыр берсин
+6
Chungyz
2020-11-09 12:19:19
Доллар которулду дейсинер товарды кымбат сатып жакшна соода кылгыла эми элди алдабай
0
aslonur
2020-11-09 16:57:59
Кызык экен эже, өзү аман калдыго, неге ыраазы болбойт?! Доллар көтөрүлдү деп товар кымбаттатканды билет бирок Кыргызстанда өрт өчүрүү бөлүмүндө техника жетишсиз жана эски экенин билбейт, эгер ошол жерде кокус өрт өчүрүү кызматынын кызматкери жаракат алса кабар алат беле?
-1
Hanbike9686
2020-11-09 20:22:45
2 минутала эле тугонуп калды дейт. Анан эмне эки саат чачмак беле бир цестрина сууну. Жанагы стволунун секундасына 7 литр суу чыгат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан