Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 115ке жетти

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 115ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 115ке жетсе, 1 миң 35 адам жаракат алган.

"Жаракат алган 1 миң 35 адамдын ичинен 1 миң 11и ооруканадан дарыланып чыкты. Ал эми 23 бейтап Измирдеги ооруканаларда дарылануусун улантып жатат", - деп айтылат маалыматта.
30-октябрда Түркиянын батыш тарабында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан