Орусиялык футболчу Артём Дзюба интимдик видеосу үчүн курама команданын оюндарынан четтетилди

Орусиялык футболчу Артём Дзюба интимдик видеосу үчүн курама команданын оюндарынан четтетилди. Күйөрмандары, жылдыздар ага карата чыгарылган бул чечимге нааразы болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Анда жазылгандай, 8-ноябрда социалдык тармакта Орусия жана санкт-петербургдук "Зенит" курама командасынын чабуулчусу Артём Дзюбанын видеосу жарыяланган. Видео интимдик мүнөздө болгон. Андагы видео болжолдуу 2019-жылы декабрда тартылганы, бирок быйыл социалдык тармакта тараганы айтылууда.

Футбол боюнча Орусиянын курама командасынын машыктыруучусу Станислав Черчесов санкт-петербургдук "Зенит" Артём Дзюбаны ноябрь айындагы оюнга чакырбайт. Буга социалдык тармакка тараган видеосу себеп болгон.

утбол талаасынын бардык талаптарына курама команданын оюнчулары жооп бериши керек. Артём Дзюба командага ашыкча негатив алып келди", - деген машыктыруучу.

Мындай чечим футболчунун күйөрмандарынын кыжырына тийди. Социалдык тармактарда футболчуну колдогондор төмөндөгүдөй пикирлерин калтырышкан.

"Дзюба чындап эле оюндан четтетилиптирби? Албетте, абал күлкүлүү, бирок адекватуу эмес. Анын жеке жашоосу менен кимдин кандай иши бар" деп билдирген актёр Денис Косяков. Ал эми башкалар дагы "Эмнеге аны жазалап жатышат? Кимдир бирөө видеону уурдап алып, таратып жиберген" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.

Ал эми футболчу учурдагы абалын төмөндөгүдөй сүрөттөгөн.

"Башкалар сыяктуу эле мен дагы идеалдуу эмесмин. Кээде кемчиликтерге жол берем. Биз баарыбыз күнөөлүүбүз, мен күнөөлүүмүн, бирок ага өзүм себепчимин. Көз ачып жумганча эле сенден адамдар алыстап кетет экен. Мени менен калган адамдарды абдан сыйлайм жана баалайм! Мен үчүн бул жагдайлар оор тийди. Командадагы балдарга дагы өзгөчө ыраазычылык билдирем" - деген ал.

Артём Дзюбанын кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Munar7777
2020-11-09 15:02:15
Это Свин/тво
+2
asyl1998
2020-11-09 19:58:14
Бироонун жеке жашоосу менен кимдин кандай иши бар. Бироонун оокат мулкун уурдап тоноп жатабы.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан