Поэтерапия: "Султан боло албасам да дүйнөгө, сулууларды сүйгөн жактан мыктымын"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Уруп койбойм бул жашоонун мүшкүлүн,

Урушканга даяр турат муштумум.

Султан боло албасам да дүйнөгө,

Сулууларды сүйгөн жактан мыктымын.

Таланттуу жаш акындардын катарын толуктаган Бекболот Сарыбаевдин ырларын сүйүп окуган жаштардын саны арбын. Жогорудагы саптарды акын социалдык тармакка сүрөт жарыялап жатканда тамаша иретинде жазганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку коногу "Өнөр бейнеси", "Таланттар таймашы", "Мекенге таазим" аттуу сынактарда байгелүү орундардын жеңүүчүсү, Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Түрк тилдүү акын-жазуучулардын курултайы" фестивалынын лауреаты, "Сагыныч" ырлар жыйнагынын автору Бекболот Сарыбаев болот.
Ал 1995-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Акын Кыргыз-түрк "Манас" университетинин түркология бөлүмүндө окуп, билим алган. Окууну аяктагандан бери журналистика тармагында иштеп келет. Сарыбаев"Нурборбор" чыгармачылык академиясынын алдындагы Жаңы-Толкун адабий клубунун мүчөсү. Жаш акын поэзия дүйнөсүнө мектепте окуп жүргөндө алгачкы жолу кадам таштап, ыр жазып баштаган. Кийин студент болгондо Бишкектеги чыгармачыл чөйрөнүн адамдарына аралашып, бул шыкты өнүктүрүүгө чоң салым болгон. Тактап айтканда, анын калемгер аталып калышына Жаңы-Толкун адабий клубунун, устаты Алтынбек Исмаиловдун салымы чоң.

Стюардесса

Жүргүнчү аз да учак бош,

Жөнөдүм мекен, кучак тос!

Боштукту ошол толтурган,

Борттогу сулуу - ынак дос.

Жайгарып баарын орунга,

Жадырап турсаң сонун да.

Түшкөндөрдүн учакка,

Түйшүгү сенин колуңда.

Азбы же көппү?

Билбедим,

Ар кайсы кептен сүйлөдүм.

Акынмын десем бир кезде,

Арначы мага ыр дедиң.

Жашарта турчу кылымды,

Жароокердигиң билинди.

Аткарып айткан сөзүмдү,

Арнайын сага бул ырды.

Асманды күндө беттейсиң,

Акынды балким эстейсиң...

Ажарың айдай а бирок,

Мен сүйгөн кызга жетпейсиң!

"Бул ыр адашпасам 2014-жылы жазылган болуш керек. Москвадан Бишкекке учуп келе жатканда учакта жазылган. Негедир ошондо жүргүнчү аз болуп, 200 орундуу учакта 4-5 гана адам учуп келгенбиз. Узун жолду кыскарталы деп борт коштоочу балдар-кыздар менен аңгемелешип келе жатып, сөздөн сөз чыгып стюардессалардын бири "мага арнап ыр жазбайсызбы " деп калды. Макул деп алгандан кийин сөзүмө туруш үчүн ушул ырды жазгам", - дейт Сарыбаев.

Баткендик кызга

Айтчы кантип мен сага жанаша алам?

Күлөсүңбү сүйлөсөм тамашадан?

Жолуксакпы деп айтсам жооп бердиң:

-Жолуга албайм, урушат "аяш авам"!

Сулуулугуң сүйүүмдү байлап алды

Сезим сени тандаса айла барбы?

Табалбадым кыдырып жер жүзүнөн

Таң каламын сендейлер Айда барбы?

Чыгара албай сырымды көмүскөмүн,

Чыдай албайм сен менен көрүшмөйүн.

Жамалыңды сагынып суусап турам,

Жаңы бышкан кыпкызыл өрүктөйүм.

Арабызда аралык чоң эмеспи

Ашып өтүп, адырды, тоо, белести.

Аңдып такыр дарегиң таппай келем

Айтчы үйүң "шообу же шоо эмеспи?"

"Баткендик кызга" деген ыр 2012-жылы жазылган. Ал кезде мен курактуу калемдештердин арасында тамашалуу ырларды жазуу модага айланган эле. Ошонун шары менен жазылган ыр. Чыныгы жашоодо каарманы деле жок болчу. Кызыгы "пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында" дегендей, арадан бир нече жыл өткөндөн кийин чындап эле баткендик кызга жолугарымды кайдан билиптирмин", - деп күлдү акын.

Сериалым

Көздөй жөнөйм күн сайын жетине албай,

Көңүл дегдеп, көрсөм деп сезим арбай.

Күлүп жайнап чыгасың тээ бир кезде,

Көп күттүрүп башталган сериалдай.

Калтыратып сүрдөтүп затың дагы,

Камдап алган сөздөр жок акылдагы...

Жарымына келгенде сериалдын,

Жарнамадай апаңдын чакырганы!

Тоодон чыккан ай болуп затың дагы,

Толкундоолор сезимде басылбады.

Аягына келгенде сериалдын,

Ай, ушу ай, апаңдын чакырганы!

Алоолонуп отуңа жандым жаным,

Азыр дагы үйүңдүн алдындамын.

Сен чыкканча сырдашчу күчүгүңө,

Ташып бүттүм үйдөгү нандын баарын.

Жан сырымды айтайын эми баарын,

Жашайт өчпөй сүйүүмдүн деми дайым.

Керек болсо саат эмес кылым бою,

Күттүрсөң да тажабайм сериалым!

"Сериалым" аттуу ыр 2012-жылдарда жазылган. Айылдагы бойго жеткен боз балдардын абалын баяндаганга аракет кылгам. Негизи эле айылда ушундай эмес беле, сүйгөн кызыңа жолугуу үчүн бир нече кыйынчылыктан өтүш керек эле. Аркы айылдан берки айылга чейин жөө жалаңдап келгениң аз келгенсип, аны үйүнөн чыгаруу өзүнчө чоң маселе. Азыркыдай телефон деген жок. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү чагылдырып, бир аз өзүмдүн башыман өткөн окуяны кошуп анан ушул ырды жараткам", - дейт Бекболот Сарыбаев.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asyl1998
2020-11-09 15:29:10
Жакшы ыр экен
0
ElEN2025
2020-11-09 16:08:42
Сонун, калемин курчуй берсин.Ыр суйуучусумун.
+1
Noon
2020-11-10 08:24:14
Сериалың өлө жакты). Негизи эле ырларын маанайды көтөрүп, бир жылмайтат экен). Стюардессаны жакшы эле мактап келе жатып акырында өчүрүпсүң
0
Raihan0602
2020-11-10 11:55:51
Чыгармачылык эргүү сага жаш акын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан