Кайрат Нуртастын ата-энеси Тик Ток тиркемесине видео тартып, сынга кабылды (видео)

Белгилүү Казак ырчысы Кайрат Нуртастын ата-энеси Инстаграм баракчасын активдүү колдонуп келишет. Алар Тик Ток тиркемесине тартылган кыскача видеосун жарыялап, сынга кабылышты. Бул тууралуу Казак басылмалары жазышууда.

Кайрат Нуртастын жылдыздуу ата-энеси заманга жараша кадам таштап жатышкандай. Апасы Гульзара айымдын Инстаграм баракчасында 2 миллиондон ашык катталуучусу болсо, атасы Нуртас мырзанын жарым миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Жубайлар Тик Ток тиркемесине тартылган жаңы видеосун жарыялаган. Анда Кайрат Нуртастын ата-энеси ар түрдүү костюмдар менен чыгышканын көрүүгө болот. Видеодо алар кийимдерин бат-баттан музыканын коштоосунда өзгөртүшөт.

Видеону жарыялаган алар "Биздин биринчи Тик Токту баалап коюңуздар", - деп билдирүү калтырышкан.

Аталган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Эки ача пикирди жараткан бул видеого биринчи топ суктанган билдирүүлөрүн калтырышса, экинчи жоон топ ушул куракта жеңил желпи нерсе менен алек болгондору үчүн уялуу керектигин айтып чыгышты.

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртастын ата-энеси Тик Ток тиркемесине видео тартып, сынга кабылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bema_bema
2020-11-09 14:21:20
Эмнеси жаман сындагыдай,кыска жашоодо озуно жаккандай жашаш керек адам.
+16
nurka_85
2020-11-09 14:42:15
Сынчынын сыңар өтүгү майрык...
Эң сонун болуптур, бизге да ушундай карылык, жакшы жашоо насип кылсын.
+16
iryi1
2020-11-09 15:12:14
Мага жакты эн сонун болуптур. Адам турмушту ар кандай кызыктуу нерсе менен откоруш керек да. Европа жэ Японияда болсо бул видеого жакшы баасын беришмек. Биздин баары тетири кеткен. Коомдун ан сезими озгоргон эмес.
+12
Aida-11
2020-11-09 15:12:27
Эң соонун
+6
med1983
2020-11-09 17:22:22
Бактылуу карылык, уулдан урмат кор деген ушул
+7
erkegenje
2020-11-09 19:43:19
жаман нерсенин озу жоко баары эле жакшы аткаргандары коро албасстар ардемке дейберета
+5
nazira...
2020-11-09 20:53:03
Сонун
+4
Jyldyzhan
2020-11-10 12:28:47
Эл оозунда элек жок..деген ушулда, соонун эле болуп турат"
0
janym_balam
2020-11-10 21:40:31
Пенсияны карап отурбай, реклама кылып акча таап жатышат да!
0
sultan_bek
2020-11-12 10:17:05
Сонун болуртур. Конулду да которгонду уйрону керек
+1
Aibekatabaevkg
2020-11-23 21:08:50
каалаганын жасасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан